Борбор Азия келечекте саясий-экономикалык, транспорт, энергетикалык жана коопсуздукту камсыздоо жаатында геосаясатта көпүрө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ага Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлде өткөн Төртүнчү консультативдик саммит шарт түзүп берди. Жолугушуунун жыйынтыгына серепчилер дал ушундай баа беришүүдө. Анда кабыл алынган чечимдер, ортого салынган демилгелер 5 өлкөгө тең пайдалуу.