Балыкчы шаарында спорттун бокс түрү боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Мелдеш Балыкчыдан чыккан белгилүү эмгек сиңирген машыктыруучулар Кенжебек Акелбаев менен Асанкул Жапаркуловдун атынан өтүп, быйыл онунчу ирет уюштурулууда.
Катышуучулар өлкөнүн 7 облусунан жана коңшу Казакстан менен Өзбекстандан да чакырылган. Жалпы 320 катышуучу күч сынашууда. Мелдеште эки ринг коюлуп, бир учурда эле жаштар жана өспүрүмдөр арасында мыктыларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Эл аралык турнирди уюштурууга Балыкчы шаарынын мэриясы колдоо көрсөтүп, жаштарды сергек жашоого үндөө менен, шаардын атын алыска таанытуу максатын көздөйт.