Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз башаламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында 35 мыйзамсыз соода түйүнү, 10 көрнөк-жарнак алынды. Ошондой эле башаламан соода жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, мыйзамсыз тартылган 100 метр кабель кесилди.