Жаңылыктар
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасына келди

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. 

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.