Жаңылыктар
Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки жол бир саатка жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки жол бир саатка жабылат

Эртең, 21-июлда, Тамчы айылындагы аэропорттон Чолпон-Ата шаарына чейинки жол бир саатка толугу менен жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эртең Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу болот. 

Толук чектөөлөр саат 09:00дөн 10:00гө чейин пландаштырылган.

Министрлик жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланарын эскертти.