Финансы министри Алмаз Бакетаев жана Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууга катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттик органдардын 2022-жылдын 6 айындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, андан соң пикир алышуу суроо-жооп форматында улантылды.
Атап айтканда, Финансы министри консолидацияланган бюджетке кеңири токтолуп, 2022-жылдын соңуна чейин ал 400 млрд сомго жеткирилерин белгиледи.
Алмаз Бакетаев маалымдагандай, 2022-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы 50%га жогорулатылат.
«Айлык акынын жогорулатылышы 5800 ашуун адамга тийиштүү. Ошондой эле, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн 50%га чейин жогорулатуу пландалууда», - деди ал.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Министрлер Кабинетинин Антикризистик планына кеңири токтолуп, ошондой эле дүйнө жүзүндө байкалып жаткан социалдык маанидеги продуктуларга баанын өсүшүнүн алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Жолугушууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер 30 ашык суроолорду берип, аларга ар тараптуу жооп ала алышты.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчет беришүүдө.
Графикке ылайык, дүйшөмбү күнү, 2022-жылдын 25-июлунда социалдык блоктогу мамлекеттик органдардын жетекчилери аткарылган иштери тууралуу маалымат беришет.