Жаңылыктар
Россиядан Кыргызстанга ата-энесинин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядан Кыргызстанга ата-энесинин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды

Россиядан Кыргызстанга июль айы ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин балдар туугандарынын үй-бүлөлөрүнө же камкордукка алуу менен багып алуучу үй-бүлөлөргө жөнөтүлөт. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо, алар кийин асырап алуу үчүн мамлекеттик балдар мекемелерине жайгаштырылат. Россия, Казакстанда ата-эненин камкордугусуз калган балдарды мекенине кайтаруу зарылдыгы жөнүндө каттар министрликтин дарегине келип турат.