Жаңылыктар
Бишкек-Балыкчы багыты боюнча люкс вагон каттайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Балыкчы багыты боюнча люкс вагон каттайт

22-июлдан тарта модернизацияланган люкс вагон Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар. 

Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жолдо жүрүү акысы - 250 сом, 10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү акысы - 500 сом. Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт. Мындан тышкары 36 кг-га чейин кол жүгү - акысыз. 

Люкс вагон кошулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт. Белгилей кетсек 18-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат.