Жаңылыктар
«Манас» эл аралык аэропорту 6 ай аралыгында 2,2 млн жүргүнчүнү тейлеген
Кыргызстан жаңылыктары
«Манас» эл аралык аэропорту 6 ай аралыгында 2,2 млн жүргүнчүнү тейлеген

«Манас» эл аралык аэропорту 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 220 миң 990 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2021-жылдын биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу 42,3%га көбөйгөн. 1 млн 509 миң 239 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 711 миң 751и ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн. Жарым жыл ичинде 19 миң 22 каттам ишке ашырылды - бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 37,4%га көбүрөөк. Авиакаттамдардын 13 миң 89у - эл аралык, ал эми 5 миң 933ү - ички каттамдар. Эскерте кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту 11 миң 529 каттамды тейледи. Алардын ичинен 8 миң 520 - эл аралык, 3 миң 9 - ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 184 миң 294 кишини түздү: 826 миң 212 - эл аралык, 358 миң 82 - ички каттамдар боюнча.