Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү ар жыл сайын жогорулап келет. Буга эки өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине биргелешкен мүчөлүгүнүн да таасири бар. Ушул тапта эки өлкө соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга кызыкдар. Канаатташ кыргыз-казак эли азыркы эл аралык жагдайды, дүйнөлүк экономиканын абалын эске алуу менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча алаканы мындан ары дагы тереңдетиши керек.