Бүгүнкү күнү, Бишкек шаарындагы абоненттердин электр энергиясы үчүн карызы, 5 млн 240 миң сомдон ашты.
Мындан улам карызын төлөбөгөндүн айынан миңдеген абоненттердин үйүнө электр энергиясын берүү токтотулду. Буга чейин ишкана абоненттерге карыздарын кечиктирбестен төлөөнү бир нече ирет эскертип келген.
Ишкананын билдиргенине караганда электр жарыгын өчүрүү, абоненттер колдонгон энергияны эсептеп туруучу, атайын автоматтык система аркылуу өчүрүлдү. Мында бардык эсеп-чот жумуштарын компьютердик система жасайт дагы, адам фактору катышпайт.