Ысык-Көл облусундагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө өлкө башчысы тарабынан эки бөлмөлүү батир белекке берилди. Бүгүн облустук ооруканадан чыгарылган бөбөктөрдүн ата-энесине эмгек жана социалдык коргоо министри Президенттин белегин тапшырды. Белгилей кетсек мындан жыйырма күн мурун жарык дүйнөгө келген эки уул, бир кыз буга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турду. Социалдык тармактарда үй-бүлөнүн туруктуу жашай турган турак жайы жок экени, үч эмдин дагы эки бир тууганы бар экени байма бай айтылып келген.