Жаңылыктар
Кылмыштуулуктун көрсөткүчү азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыштуулуктун көрсөткүчү азайды

Кылмыштуулуктун көрсөткүчү 47%га азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтуусуна караганда, былтыр 6 айда 43 миң 159 кылмыш катталса, быйылкы жылдын алты айында 22 миң 634 кылмыш катталган. "Кылмыштын катталуусу былтыркыга салыштырганда 20 миң 525 кылмышка аз", - деди министр. 

Ошондой эле ИИМ башчысы кылмыштын бети былтыркыга салыштырмалуу 2 миң 421ге же 19%га көп ачылгандыгын кошумчалады. 

2021-жылы 12 миң 428 кылмыштын бети ачылса, быйыл 14 миң 849 кылмыштын бети ачылган."Оор жана өтө оор кылмыштар 30% азайган. 

Сотко 423 кылмыш иши көп жөнөтүлүп, сотко жөнөтүү 4,5% жогорулаган. Оор жана өтө оор кылмыштар 30%га, киши өлтүрүүлөр 6%га, зордуктоолор 45%га, опузалап талап кылуу 63%га, алдамчылык 25%га, транспорт каражатын айдап качуулар 26%га, уурулук 39%га жана башка кылмыштардын көрсөткүчтөрү да төмөндөгөн", - деди Ниязбеков. 

ИИМ башчысы кошумчалагандай, баңгизаттарды аныктоо 140 учурга жакшырып, беш тонна 821 кг баңгизаттар алынып, былтыркыга салыштырмалуу эки тонна 910 кг көп алынган. 

204 экстремизм кылмыштары аныкталып, натыйжада 1 миң 678ден ашык материалдар алынган.