Жаңылыктар
Бишкекте Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленди

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. 

Анда Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана борбордун конокторуна саптык ыкмаларды көрсөтүштү. “Пантера” атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары өлкөнүн, министрликтин, Улуттук гвардиянын жана Бишкек шаарынын туулары менен аянтка парашют менен түшүштү. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын күнү белгиленет. 1992-жылдын 20-июлунда Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи гвардиячылары Ата Мекенге берилгендигине ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен.