Кыргызстанда быйыл буудай менен кант кызылчасы былтыркыга караганда аз эгилди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан 233,7 миң гектар жерге буудайдын үрөнү себилген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 16,9 миң гектарга аз экенин көрсөтөт.
Ошол эле учурда арпанын аянты 237,6 миң гектарды түзүп, 15,8 миңге көп айдалган. Жүгөрү 107,6 гектар жерге себилип, аянты былтыркыдан 1,6 миңге кеңейген. Кант кызылчасы 9 миң гектар жерге айдалып, 1,2 миңге, күрүч 11,6 миң гектарга эгилип, 800гө азайган.
Ал эми картошка 74,2 миң гектарга эгилип, айдоо аянты 700 гектарга кыскарган.