Жаңылыктар
Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кайтарылды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте федерация аймагында ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргызстандын жараны болгон 6 бала мекенине кайтарылды.Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, элчилик Россиянын тиешелүү органдары менен балдарды репатриациялоону макулдашуу жол-жобосун жүргүзүп, алардын мекенине кайтып келүү процесси үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн. Элчилик Россияда Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантат.