Жаңылыктар
Аялды бычактаган киши кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Аялды бычактаган киши кармалды

Бишкек шаардык милициясы Аламүдүн базарында иштеген аял бычакталган окуя тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-июлда кечке жуук 37 жаштагы келин соода жайын жаап жаткан маалда белгисиз бирөө бычактап кеткен. Ыкчам иликтөө-тергөөнүн жүрүшүндө ага 48 жаштагы мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, келинге 16 жолу бычак урулган жана ал оор абалда ооруканада жатат. Кылмышка шектүү Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кыргызстанда соңку кездери аялдарга карата зордук-зомбулук көбөйдү. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аял, 264ү жашы жете электер.