Жаңылыктар
"Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
 "Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

20-21-июль күндөрү "Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу болот.

ЖКККББ чектөө учурунда жол боюна токтотулган унаалар эвакуация болорун эскертти. 

Башкармалык Ысык-Көл облусунун тургундары менен конокторун иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылып, жол эрежесин бузбоого чакырды.