Жаңылыктар
Эдиль Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумуна катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Эдиль Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумуна катышты. Форум ушул күндөрү Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинде өтүп жатат. Байсалов «2030-жылга карата кризистерди жана кыйынчылыктарды жеңүү» темасындагы Министрлердин тегерек столуна катышты.