Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коюлган талаптар өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Алар эл менен жеринде тыгыз иштебегендиктен жарандар мамлекет башчыга, Президенттин Администрациясына кайрылууга аргасыз. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында белгилеп, иштин жыйынтыгын бербеген кадрларды дароо четтетүү талабын койду.