Өлкөдө жөлөкпулдарды төлөөгө 13 млрд сомдон ашык каражат керектелет. Калктын аялуу катмарындагы муктаждыктарды жеңилдетүүгө мамлекет тарабынан бир катар ири долбоорлор иштеп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган отчетунда айтылды. Көмөкчү каражаттардын баары этабы менен көтөрүлдү.