Министрлер Кабинетинин алып барып жаткан иштерин мамлекет башчысы жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратат деп белгилеп өттү. Акыркы 6 ай аралыгында өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндөгү өсүштөр өлкө экономикасында маанилүү көрсөткүч. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түзгөн.