Быйыл өлкөнүн базарларында көзөмөл-кассалык машинаны колдонгондор көбөйдү. Бүгүнкү күндө республикада 70 миңден ашык кассалык машина катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге арбыгандыктан, салык жыйноо планы да ашык аткарылды. Ал ортодо Министрлер кабинети ишкерлерди колдоо максатында, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган чарбаларды салыктан бошотуу чечимин кабыл алды.