Аткарылып жаткан иштин - кагаз жүзүндө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу маанилүү. Жасалып жаткан иш-аракеттер ар бир кыргызстандыкка оң таасирин тийгизиши керек. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров биринчи жарым жылдыктагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер Кабинетинин жыйынында белгиледи. Анда мамлекет башчысы азыр уктап жатчу учур эмес экенине токтолуп, мурдагыдай “эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек” деген кадрлар болбошу керектин кошумчалады.