Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2022-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 335,3 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 106,3 %ды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы ушул маалда 98,5 % болчу. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабинеттин ишмердүүлүгүнүн алты айдагы жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, айыл чарбада өндүрүштүн көлөмү 2,0 %га, курулушта – 3,4 %га, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө – 4,8 %га, өнөр жайда – 14,1 %га өскөн.