Министрлер Кабинетинин чечими менен, гранттык орундардын саны 6 миң деп белгиленди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунан жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп келген, Жасмина Сабырова келечекте англис тилинен мугалим болсом деп, борбор калаадагы окуу жайлар менен таанышып жүрөт.
Мындан сырткары жогорку окуу жайларына кирүүгө жеңилдик алган абитуриенттер аныкталды. Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогору упай алгандар, майыптыгы барлар, Аксы окуясынын, Апрель, Июнь окуяларында курман болгондордун, кайрылмандардын балдары, чет жерде жашаган этникалык кыргыздардын акысыз билим алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Быйылкы окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларда 6 миң бюджеттик орун болот, анын ичинен 4 663ү педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнөт.