Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйыл 6 миң бюджеттик орун болот, анын ичинен 4 миң 663 орун педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнөт.
205 орун так жана техникалык илимдерди окутуучу педагогикалык багытка берилди. Мындай чечим Министрлер Кабинетинин 12-июлдагы отурумунда чыгарылганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымдагандай, Жогорку окуу жайларына кирүүгө жеңилдик алган абитуриенттер аныкталды.
Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алгандар, майыптыгы барлар, Аксы окуясынын, Апрель, Июнь окуяларында курман болгондордун, кайрылмандардын балдары акысыз окуйт. 80 бюджеттик орун эл аралык келишимдердин негизинде бөлүндү.
Расмий маалыматтарга караганда быйыл Кыргызстанда 68 миңдей окуучу мектепти аяктады.