Жаңылыктар
Кыргызстанда гемодиализ алгандар көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда гемодиализ алгандар көбөйүүдө

Кыргызстанда бөйрөгү ооруп, мамлекеттен жардам алып жаткан бейтаптардын саны 312 адамга өстү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 29-майга карата бюджеттик программа аркылуу катталып 1 миң 757 адам гемодиализ алса, үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда 2 миң 69 кишиге жетти. Бул аралыкта үч мамлекеттик медициналык мекемеде, 35 жеке клиникада бейтаптарга гемодиализдин 136 миңдей сеансы жасалган.

Бюджеттик программага катталуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна күнүнө орто эсеп менен 15тен арыз түшүп жатканы белгиленди.

Документтер иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат. Электрондук почта аркылуу жөнөтсө да болот. Кандай документтер талап кылынары туурасында www.foms.kg сайтында жазылган.