Жаңылыктар
Жалал-Абад: 58 айыл жана 3 шаар таза суу менен камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: 58 айыл жана 3 шаар таза суу менен камсыз болот

Жалал-Абад облусундагы 58 айыл жана 3 шаарда калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу алты айда аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйында белгилүү болду. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймак башчылары катышты. Жыйында 6 ай аралыгында Жалал-Абадда бюджеттин киреше бөлүгү 105,7%га ашыгы менен аткарылганы белгилүү болду.

Жарым жылдыктын жыйынтыгында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору боюнча бүгүнкү күндө 58 айылда жана 3 шаарда жумуш жүрүп жатканы маалымдалды. Аларга республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлор тарабынан каражат бөлүнгөн. 

Ошондой эле, айыл чарба жаатындагы, ирригация, мал чарбачылыгы, кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо ишинин жүрүшү тууралуу маалымат айтылды.