Базар-Коргон районунда 32 мектеп, 20 бала бакчанын материалдык-техникалык базасы чыңдалды.
Билим берүү мекемелерине 5 жарым миллион сомго компьютер, интерактивдүү такта жана башка зарыл болгон заманбап эмеректер тапшырылды.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү билим сапатын жакшыртуу, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында долбоор жазып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган.
37 миң окуучу билим алган райондо жалпы 69 мектеп, 49 бала бакча болсо, материалдык-техникалык жабдуулар муктаждык жогору болгон 20 бала бакча менен 32 мектепке тапшырылды.
Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы окуу жылына даярдыктар көрүлүп жатат. Жалпы 465 мамлекеттик мектептин утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 19 миллион сом каралган.