Талас облусунда быйылкы жылдын планы менен 15 чакырым жолго асфальт төшөлүп, республикалык казынадан каржыланат.
Буга чейин абалына эл нааразы болуп келген Өтмөк ашуусу, ага жакын аралыктар оңдолду. Бакай-Ата - Наматбек, Кызыл-Жылдыз - Үч-Коргон каттамдарындагы аралыктар да оңдолду.
Ал эми Бакай-Ата району боюнча быйыл 10 км 700 метр аралыктагы жол иш планга бекитилген. Анын 5 километри капиталдык салымдар беренеси аркылуу, калган 5 км 700 метр жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен асфальтталат.
Асфальт басуу иштери Өтмөк ашуусунун көйгөйлүү тилкелеринде дагы жүрдү. Ошондой эле Талас районундагы Ак-Коргон айылынын аралыгындагы бузулган жолдун биринчи катмары алынып, 2 катмар асфальт төшөлөт. Бул иштерде эң ириде сапатка маани берилет.
Быйыл жалпы облус боюнча 15 кмдан ашык жол оңдолот. Ал үчүн 244 млн сом каралды.