Кыргызстанда 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документ этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоону максат кылат.
Ага ылайык, 1-сентябрдан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилилет. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргызстанда өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилет. Ошондой эле этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп, ал орган алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөйт.