Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Азыркы учурда өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири санариптик жашыл коридорлорду киргизүү болуп саналат. Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында транспорттук-логистикалык интеграция жана транспорттук обочолонуу маселесин чечүү өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири деп каралган.
Транзиттик коридорлорду өнүктүрүүнүн негизги багыттары өткөрүү пункттарын жана транзиттик товарларды кайра жүктөө жана жайгаштыруу жерлерин модернизациялоо, ошондой эле транзиттик товарларды ташууга таасирин тийгизген процесстерди санариптештирүү жолу менен Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташууну тездетүү, эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү болуп саналат.
Бул системаны киргизүүгө жооптуу органдар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Чек ара кызматы эсептелет. Министрлер кабинети системанын комплекстүү программасын иштеп чыгып, эки айлык мөөнөттө бекитиши керек.