Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2022-жылдын январь-май айларында 1,5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети тараткан маалыматта айтылат.
2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу көлөм 45%га көбөйгөн, муну менен катар экспорттук ташуулар 4,1%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,6 эсеге өскөн. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1,5 млрд долларды түзүп, бул өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 21,2%га өскөн.
Анын ичинде экспорттук ташуулар 49,7%га, ал эми импорт 12,8%га көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 68,6% жана Казакстанга – 29,3% туура келген.