Жаңылыктар
92 кыргызстандык Кореяга барып иштеп келишет
Кыргызстан жаңылыктары
92 кыргызстандык Кореяга барып иштеп келишет

92 кыргызстандык мекендешибиз Түштүк Корея мамлекетине иштөөгө жөнөштү. Мыйзамдуу ишке орноштуруу Президент Садыр Жапаровдун “миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда. Мындан тышкары, миграция жаатында Япония, Улуу Британия мамлекеттери менен келишим түзүлүп, алдыда Германия менен дагы келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө.