Жаңылыктар
Нарындагы ок атышкан окуя боюнча сот үч адамдын бөгөт чарасын аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы ок атышкан окуя боюнча сот үч адамдын бөгөт чарасын аныктады

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атышкан окуя боюнча сот үч адамдын бөгөт чарасын аныктады. 

Нарын шаардык соту окуяга байланышы бар бир адамды эки айга, экинчисин бир айга тергөө абагына камакка алынсын деген чечим чыгарды. Үчүнчү шектүү үй камагына чыкты. Сот камалган адамдардын аты-жөнүн ачык кабарлаган жок.

Нарындын Хутор-Ак-Талаа айылында 7-июлда кечинде ок атылып, андан алты адамдын жаракат алганы кабарланган. 

Жергиликтүү эл чатак жер талаштын айынан чыкканын айтышкан. 

Нарын облустук милициясынын маалыматы боюнча, айылдын 30-40ка чукул тургуну Бакыт Кыдырмышов аттуу адамдын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинесин өрттөп жаткан учурда, үй ээси сактап жүргөн куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. 

Учурда дарыгерлер ок тийген алты адамдын үчөөнүн абалы оор деп мүнөздөп жатат.