Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчтү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчтү

Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчүп, бир топ жерди кар көчкү басып калганын көрүүгө болот. Бул көрүнүшкө ал жерде жүргөн чет элдик туристтер күбө болуп, видеого тартып үлгүрүп калышкан. Ошол кезде ашууда Британиянын жана АКШнын жарандарынан турган тогуз чет элдик турист жана аларды коштогон кыргызстандык тургундар болгон. Бардыгы кырсыктан тышкары, аман-эсен экени кабарланды. 

Окуя 8-июлда болгон, туристтер тартып калган видеосун социалдык тармактагы баракчаларына 10-июлда чыгаргандан кийин маалымат каражаттарына жарыяланды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июлда бул маалымат такталып, жерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки офицер жана Жайыт комитети, башка мекемелерден дагы кошулган ыкчам топ кординациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкенин билдирди. «Ал жерге чейинки аралык болжол менен 100 чакырымды түзөт. 

Кошумча маалымат берилет»,- деп билдирди министрлик. Жууку ашуусу - Тескей Ала-Тоодо, Жууку дарыясынын башында жайгашкан. Ысык-Көлдү Ички Теңир-Тоо менен байланыштырат. Деңиз деңгээлинен 3 миң 633 метр бийиктикте жайгашкан.