Жаңылыктар
"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна 9 миң 174 кайрылуу түштү
Кыргызстан жаңылыктары
"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна 9 миң 174 кайрылуу түштү

Июнь айында "Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна 9 миң 174 кайрылуу түштү. Муну ар бир күнгө бөлө келгенде 305 бала чалган болуп чыгат. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Анын ичинен 290 адам консультация алуу же жардам көрсөтүүнү суранып чалган. Мындан улам 230 кишиге телефон аркылуу кеп-кеңеш, 22сине психологиялык консультация берилген. 38 кайрылуу башка органдардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруу сунушталган.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү - социалдык жардам суроо, балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүү, финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү, балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-турумуна байланышкан жагдайлар, ата-эне менен балдардын мамилеси тууралуу болгон. 

Андан тышкары психологиялык жактан жабыркоо, аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү, балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу бир топ адамдар телефон чалышкан. 

Кайрылуулардын ичинен 8 884 адам адашып же максаты жок, жөн эле чалгандар болгон.