Жаңылыктар
Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук Банктын акча которуулар тууралуу отчётунда айтылды. 

Чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ырааттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты. 

Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп, ага каршы чаралар иштелип жатканын билдирген эле.

Ал эми май айында 257 миллион доллар Кыргызстанга келген. Анын 245 миллион доллардан ашыгы Орусиядан кирген.

Бүгүн, 11-июлда валюта базарында доллардын орточо курсу 82 сом 83 тыйынга сатып алынса, 83 сом 83 тыйындан сатылууда.