Президенттин тапшырмасы менен башкы прокурор, ички иштер министри жана министрплер кабинетинин төрага орун басары, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү аймактарды кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Өлкө башчынын аймактарга болгон сапарларында жергиликтүү эл тарабынан социалдык, экономикалык, укук коргоо органдарынын адилетсиздиги баштаган арбын маселер көтөрүлүп келген. Мындан улам президент тийиштүү жетекчилерди эл менен жолугушуп, көйгөйдү жеринен чечүү тапшырмасын койгон.