Жаңылыктар
Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт менен куттуктады

Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Куттуу Курман айт майрамы менен сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдогонума абдан кубанычтамын.

Кудуреттүү Алладан сизге жана жалпы мусулман үммөтүнө анын берекесин беришин сураймын. Баардык жакшы тилектериңиздерди, кылган амалдарыңыздарды Жараткан кабыл кылсын. Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.