Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Куттуу Курбан Байрам (Ид Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.
Бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман коомчулугунун биримдигин, өз ара сый-урматын, тилектештигин жана тынчтыгын чыңдоого салым кошот деп терең ишенем», — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.
Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.