Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Курман айтка байланыштуу майрамдык айт намазга катышты.
Майрамдык айт намазга өлкөнүн жогорку жетекчилиги, дин кызматкерлери, ошондой эле он миңдеген кыргызстандыктар чогулду.