Нарын облусу боюнча быйылкы жылы 30 чакырымдан ашык жол оңдолуп, асфальт төшөө иштери мерчемделди.
Ага ылайык учурда план боюнча жол оңдоо иштери кызуу жүрүп, асфальт басуу иштери башталды. Маселен Үч-Нура айылында эки жарым чакырым жол жасалды.
Мындан тышкары айыл аралык жолдорго шагыл төшөө, кооптуу делген көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө иштери да колго алынууда.