Жаңылыктар
Чет элдик электрондук компаниялар салык төлөшү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдик электрондук компаниялар салык төлөшү керек

Электрондук кызмат көрсөткөн бардык чет элдик компаниялар салык төлөшү керек. 

Салыктын суммасы кызмат көрсөтүүдө түшкөн каражаттын 12% түзөт. Мындай талап жаңы салык кодексинде көрсөтүлгөн. Мындан улам үч компания азыркы тапта каттоодон өттү. 

Кыргызстанда интернет айдыңында кызмат көрсөткөн бир нече компаниялар бар. 

Интернет аркылуу соода түйүндөр, жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялар, тарнспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу тейлөөнүн түрлөрү электрондук багытта элдин тандоосуна жараша тандалып алынат. 

Буга чейин алардан салык алынган эмес. 

Ушул жылдын январь айынан баштап жаңы салыктык эрежелерге ылайык, « Google га салык» системасынын алкагында салык алынат. 

Учурда алгачкы Яндекс Go, Megogo жана Xsollа компаниялары расмий каттоодон өттү.