Ишкерлер үчүн кассалык-көзөмөл машиналарын ишке киргизүү үчүн ийкемдүү шарт түзүлөт.
Бул боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен жолугушкан учурда талкууланды.
Белгилей кетсек, кассалык-көзөмөл маншиналарын милдеттүү түрдө ишке киргизүүгө каршы чыккан бизнес чөйрөсүнүн митингдеринен кийин ишкерлерден жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөн.