Жаңылыктар
Билим берүү министрлиги УКМКнын маалыматына жооп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү министрлиги УКМКнын маалыматына жооп берди

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ЖОЖдорго абитуриенттерди каттоо жана кабыл алууда мыйзам бузуулар аныкталгандыгы тууралуу маалыматына байланыштуу билдирүү таратты.

 2022-жылдын майында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген. “Бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына жогорку окуу жайларына каттоо жана кабыл алууда болгон. Андыктан аталган мыйзам бузуулар быйылкы жылдагы ЖОЖдорго кабыл алууга тиешеси жок экенин, 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу баштала электигин белгилей кетүү керек”,- деп айталат маалыматта.