Бышыкчылык кызыган сайын жол боюнда жашылча-жемиштердин сатуу мезгили күч алды. Айрым дыйкандар алган түшүмүн талаага жакын жерде соодалайт. Мындай шартта транспорттук чыгым жок болгондуктан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өздүк наркы арзанга турат.
Азык-түлүктүн сапаты кандай экенин, курамындагы нитраттын көрсөткүчүн атайын адистер текшерип турат.