Жаңылыктар
Таласта мугалимдердин эң жогорку эмгек өргүүсү 70 миң сомго жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта мугалимдердин эң жогорку эмгек өргүүсү 70 миң сомго жетти

Ушул күндөрү мектептерде ремонт иштери жүрүп, мугалимдердин алды жакшылап эс алыш үчүн эмгек өргүүсүнө кетишүүдө. Таласта мугалимдердин эң жогорку эмгек өргүүсү 70 миң сомго жетти. Таластагы мектептерде эмне жаңылык?

Покровка айылындагы бул мектептин имараты тарыхый объект катары мааниге ээ. Анткени ал мындан 145 жыл мурда салынган. Учурунда Россиядан биздин аймакка ооп келген Морозов деген билимдүү бай адам курдуруп, диний мектеп ачканы эл арасында айтылып жүрөт. Тарыхы бай бул мектеп эскилиги жетсе да, мугалимдер жамаатынын күчү менен жылда ремонттон өтүп, көркүнө чыгып иштеп келет.