Жергиликтүү эл менен болгон жолугушуу бүгүн Таш-Көмүр шаарында уланды. Эки сааттан ашык убакытка созулган жыйында жергиликтүү тургундар укук коргоо органдарына карата арыз, даттанууларын айтып, саламаттык сактоо, билим берүү тармактары боюнча да кайрылды.